Грециядагы баш калкалоочулар кыйын абалда

«Араларында кичинекей балдар да болгон үй  - бүлөлөр менен кош бойлуу аялдар да болгон баш калкалоочулар жаман шарттарда жашап жатышат».

835042
Грециядагы баш калкалоочулар кыйын абалда

БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгынын Греция катчысы Борис Чеширков грек аралдарында кышка ылайык болбогон шарттарда калган баш калкалоочу санынын 3 миңден ашуун экендигин айтты. Кыштан мурда аралдардагы баш калкалоочулар үчүн убакыттын тарайып бара жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Чеширков : «Суук аба жана кар жаашы жакындап келе жатат. Лагерлердеги  киши санын азайтууга алдыңкылык берилиши керек»,- деди.

Чеширков баш калкалоочу лагерлериндеги кишинин көптүгүн белгилеп : «Мидилли, Сакыз жана Сисамдагы лагерлерде жана тегерегиндеги чатырларда эптемей баш калкалоочу жерлерде ысынуу мүмкүнчүлүгү болбогон 3 миңден ашуун баш калкалоочу бар»,- деди. Чеширков : «Араларында кичинекей балдар да болгон үй  - бүлөлөр менен кош бойлуу аялдар да болгон баш калкалоочулар жаман шарттарда жашап жатышат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар