Трамп сааты

Бул саат Трамптын калган кызмат мөөнөтүн эске салат

828026
Трамп сааты

АКШда «The Creative Independent» аттуу көз карандысыз чыгармачыл топ Нью-Йорк шаарынын Квинс жээгиндеги бир имаратка кызыл түстөгү Трамп саатын жасашты.

Саатты жараткан чыгармачыл топтун редактору Брэндон Стосуи, максаттарынын президент Дональд Трамптын калган кызмат мөөнөтүн эске салуу экенин айтты.

Брэндон Стосуи көптөгөн адамдын чыдамсыздык менен Трамп мезгилинин аякташын күтүп жатканын билдирди.

Чоң сааттын иштөөсү, 20-январда президент болуп шайланган Трамптын кызмат мөөнөтү аяктаганда токтойт.



Тектеш кабарлар