Калифорниядагы өрт өчүрүлө элек

Каза болгондордун саны 15ке жетип, 150 киши да дайынсыз жоголду

824610
Калифорниядагы өрт өчүрүлө элек

АКШнын Калифорния штатындагы токой өрттөрүнөн каза болгондордун саны 15ке жетип, 150 киши да дайынсыз жоголду.

Дагы деле көзөмөлгө алына албай жаткан тилсиз жоонун себебинен айрым аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланса, жүздөгөн үй жана ишканалар жарактан чыгып калды.

Коркунуч астындагы аймактардан кеминде 20 миң киши эвакуацияланды.

Өрт өчүрүүчү жана издеп-куткаруучу топтор тилсиз жоону көзөмөлгө алуу үчүн аракет кылып жатышат.

Шамалдын да таасири менен оңой жайылган өрт, кеминде 73 миң гектардык аянтты күл кылды.

Түндүк Калифорниянын Напа, Сонома, Бьютт, Невада сыяктуу көптөгөн аймактарында өрттөн улам өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Өрттү өчүрүү иштери уланып жатат.



Тектеш кабарлар