Тунистин саламаттык сактоо министри марафондо көз жумду

Министр жардам марафонунда чуркап бараткан

823669
Тунистин саламаттык сактоо министри марафондо көз жумду

Тунистин саламаттык сактоо министри Селим Шакир жардам марафонунда жүрөк пристубунан көз жумду.

56 жаштагы министр 500 метрге чуркагандан кийин жыгылып калгандыктан аскердик ооруканага жеткирилди бирок куткарыла алган жок.

Премьер-министр Юсуф Шахид, Шакирдин өлүмү үчүн «Тектүү гуманитардык жардам аракетинде тууганымдан жана бирге иштеген курбумдан ажырадым»,-деди.

Марафон жекшемби күнү, балдарга кызмат көрсөтө турган рак ооруканасына жардам берүү максатында түндүктөгү жээк шаар Набилде өткөрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар