Иран - Америка араздашуусу

АКШнын Иран төңкөрүш гвардиясын террордук уюм тизмесине аларын айтуусу эки өлкөнүн ортосундагы араздашууну күчтөндүрдү.

823177
Иран  - Америка араздашуусу

АКШнын Иран төңкөрүш гвардиясын террордук уюм тизмесине аларын айтуусу эки өлкөнүн ортосундагы араздашууну күчтөндүрдү.

Иран төңкөрүш гвардия армиясынын командири Мухаммед Али Жафери мындай бир абал  ишке аша турган болсо АКШ армиясынын ДЕАШ террордук уюм менен бир караларын айтты. Жафери  АКШнын Иранга кысым жасоо менен аймактык темаларды сүйлөшүүнү ойлобошу керектигин айтты.

«АКШ башкаруусу  бул мыйзамды ишке ашыра турган болсо Иран муну Вашингтондун атомдук келишимден бир тараптуу болуп чыгыш катары көрөт»,- деген командир Жафери Иранга жаңы санкциялар салына турган болсо эки өлкөнүн бири бирин таасирлентүү мүмкүнчүлүгүнүн жок болорун да баса белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамптын мамилесин «акмакча» деп мүнөздөгөн командир Жафери : «Америкалыктар Иран Ислам Республикасынын Трамп башкаруусунун мамилесин шарттуу ракета, аймактык жана коргонуу программаларында секирик мүмкүнчүлүгү катары колдонорун билиши керек»,- деди.

Дональд Трамптын 2015 -  жылы АКШ президенти Барак Обама мезгилинде Иран менен кол коюлган атомдук келишимди токтотууга даярдангандыгын ортого салынып, Трамптын 12 -  октябрда Жакынкы Чыгыш тууралуу сөз сүйлөй тургандыгы жана бул жерде дагы кенен бир Иран планынын жарыяланышы мүмкүн экендиги айтылган.

Ирандын президенти Хасан Рухани АКШнын президенти Дональд Трамптын Иран менен атомдук келишимди бузарына байланыштуу маалыматтарына каршы чыгып, АКШнын президенти Дональд Трамптын атомдук келишимди бузуу ыктымалына каршы : «Дүйнөгө 10 Трамп келсе да булар кайра алына албайт»,- деген.



Тектеш кабарлар