Трамп Пхеньян бийлигине каардана баштады

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп, Пхеньян бийлигине катуу каршылык көрсөттү.

812649
Трамп Пхеньян бийлигине каардана баштады

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп, Пхеньян бийлигине катуу каршылык көрсөттү.

Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан сөз кылып, «Рокет адам эбак эле Клинтон жана Обама тарабынан каралышы керек болгон тема болчу. Көп жылдар мурда эле каралышы керек болчу, бирок каралбаптыр. Эми бул тема менен мен алектенип калдым, анткени муну бүтүрүшүбүз керек»,-деди.

АКШнын Алабама штатында Республикачыл шайлоочулар менен митингде жолуккан АКШнын президенти Дональд Трамп, ички жана тышкы саясатка байланыштуу бир топ темага сереп салды.

Түндүк Корея тууралуу оор сөздөрдү айткан Трамп, бул теманын көп жылдар мурда каралышы жана атомдук сыноолорго байланыштуу коркутууларга мурдатан бөгөт коюлушу керек болчу экендигин айтты.

Трамп, демократтардын Түндүк Корея туурасында керектүү кадамды таштабаганын жактады. Түндүк Кореяга байланыштуу маселени чечүүлөрү керектигин баса белгилеген Трамп: «Башка альтернативабыз жок. Балким айрым кадамдар ишке жарайт. Балким жарабайт. Мен жеке киши катары ишке жарай турганына ишенбей турам, бирок эмнеси болсо дагы коопсуз экендигибизди айта аламын»,-деп айтты.

Бир тараптан Трамп, «Obamacare» катары билинген саламаттык сактоо камсыздоосунун алмаштырылышы тууралуу процессте «каршы» деген добушту бере турганын айткан Аризонанын сенатору Республикачыл Жон Маккейнге сын айтты.

Трамп: «Бул «Obamacare» сөзсүз алмаштырылат. Буга «каршы» добуш берүү, чынчыл болуш керек болсо коркунучтуу»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар