Ирактын улуттук коопсуздук кеңеши ИКАБдын референдум өткөрүү планын четке какты

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибадинин маалымат борборунан маалымдалганына караганда Ирактын улуттук коопсуздук кеңеши борбор шаар Багдадда Ибадинин жетекчилигинде чогулганы белгиленди.

808932
Ирактын улуттук коопсуздук кеңеши ИКАБдын референдум өткөрүү планын четке какты

Ирактын улуттук коопсуздук кеңеши, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) 25-сентябрда өткөрүүүнү пландаган көз караныдсыздык боюнча референдумун конституцияга шайкеш келбегени үчүн четке кайты.

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибадинин маалымат борборунан маалымдалганына караганда Ирактын улуттук коопсуздук кеңеши борбор шаар Багдадда Ибадинин жетекчилигинде чогулганы белгиленди.

Анда, «Кеңеш, ИКАБдын элдик добуш берүүсү өткөрүү планын конституцияга шайкеш келбегени үчүн четке какты. Бул айрыкча өлкөнүн улуттук коопсуздугу жана социалдык курамына карата коркунуч туудурат»,деген сөздөргө орун берилди.

Ирактын улуттук коопсуздук кеңешинин өлкөнүн жеринин бүтүндүгүн, элди коргоого карата иш-аракетин жана өлкө менен жарандардын коопсуздугун коркунучка салган кыймылдарды токтотуу милдетин шилтеме кылган жарыяда, «Коопсуздук кеңеши айрыкча өлкөнүн коопсуздугун коркунучка салуунун ордуна маселелерди диалог жолу менен чечүүнүн маанисин баса белгиледи»,делди.



Тектеш кабарлар