ДЕАШ үчүн согушкан европалыктар өтө коркунучтуу

Жиль Де Керчове, немис гезити Дие Вельтке берген маегинде террор уюму ДЕАШка кошулган европалыктар тууралуу маалымат берди.

806185
ДЕАШ үчүн согушкан европалыктар өтө коркунучтуу

Европа Биримдигинин террор менен күрөшүү боюнча координатору Жиль Де Керчове, Ирак жана Сирияда террор уюму ДЕАШ үчүн согушкан 2500 европалык бар экенин айтты.

Жиль Де Керчове, немис гезити Дие Вельтке берген маегинде террор уюму ДЕАШка кошулган европалыктар тууралуу маалымат берди.

Божомолдорго караганда Ирак жана Сирияда ДЕАШтын катарларында 2500 европалык бар экенин айткан Жиль Де Керчове, ушул себептен кагылышуу аймактарында кызмат өтөгөн аскердик бөлүктөр менен дагы жакшы кызматташтык кылуу керектигин баса белгиледи.

Координатор ушул аркылуу Европадагы коопсуздук бөлүктөрүнүн бармак изи маалыматтарына жете ала турганын белгилеп кетти.

ДЕАШтын катарларында согушкан жана Европага кайткан жарандардын убагында белгилениши үчүн ЕБнин ичинде биометрикалык көрсөткүчтөрдүн айырбаштала алышы керектигин айткан Жиль Де Керчове, «Бул шарт»,-деди.

 Керчове, айрым террористтердин Сомали же Йемен сыяктуу берки кагылышуу болуп жаткан аймактарга кетип калышы мүмкүн экенин, Европага кайткандардын санынын көп болбой турганын күткөндөрүн айтты.

Координатор  Керчове, ДЕАШтын бул темада стратегиясын өзгөрткөнүн да белгилеп, уюмдун эми европалыктарды согушуу үчүн Сирия же Иракка чакырбаганын, түздөн-түз турган өлкөлөрүндө кыймыл кылуусун каалаганын айтты.

Жиль Де Керчове, «Террористтер 11-сентябрь сыяктуу баш аламандуу, деталдуу, пландуу кол салуулардын ордуна дагы майда, тылдык жагынан дагы аз чыгымдуу, бирок мүмкүн болушунча дагы көп кол салууну уюштуруу стратегиясын жүргүзүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар