Сирияда жарылуу

Сириянын түндүгүндөгү Идлиб облусунун борборундагы стадионго жакын жерде болгон жарылууда алты киши каза болуп, бир киши жараланды.

802366
Сирияда жарылуу

Сириянын түндүгүндөгү Идлиб облусунун борборундагы стадионго жакын жерде болгон жарылууда алты киши каза болуп, бир киши жараланды.

Идлиб жарандык коргоо директору Мухаммед Хаж Юсуф шаардын борборундагы стадиондун жакынында бирден ашык жарылуунун болгондугун айтты. Юсуф ооруканага жаткырылып дарыланып жаткан жаралуунун абалынын оор экендигин билдирди.

Юсуф жарылуулардан кийин өрттүн чыккандыгын, өрттү жарандык коргонуу менен өрт өчүргүч топтордун өчүргөндүгүн билдирди. Жарылуулардын себебин азырынча билбегендерин айткан Юсуф : «Топторубуз иштерин улантууда. Жарылуунун себеби аткарылган иштерден кийин такталат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар