НАТОнун Ооганстан туурасында Орусияга жообу

Жон Николсон, АКШнын Ооганстанда эч качан жеңилүүгө учурабай турганын айтты.

796451
НАТОнун Ооганстан туурасында Орусияга жообу

НАТОнун Ооганстандагы бөлүктөрүнүн командири Жон Николсон, АКШнын Ооганстанда эч качан жеңилүүгө учурабай турганын айтты.

Борбор шаар Кабулда уюштурган маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Николсон, НАТО жана АКШнын Ооганстанда террор менен күрөшүү темасында ооган коопсуздук күчтөрүн колдой турганын белгиледи.

АКШнын «Жаңы Ооганстан стратегиясынын» Ооганстан калкынын келечеги үчүн абдан маанилүү болгонун айткан Николсон, жаңы стратегиясынын күчүнө кириши менен ооган коопсуздук күчтөрүнө колдоо көбөйө турганын жарыялады.

Николсон айрыкча Ооганстанда террор уюмдарынын орун таба албай турганын баса белгиледи.

Талибан уюмуна да чакырык таштаган Николсон: «Куралдарыңарды таштап тынчтыкка кошулгула»,-деди.

Ооганстан калкынын тынчтыкты каалагагына токтолгон Николсон, өлкөдө тынчтыктын камсыздалышы үчүн ар дайым бирге иштей тургандарын билдирди.

НАТОнун Чечкиндүү колдоо миссиясынын Ооганстанда жергиликтүү бөлүктөрдү машыктыруу, кеңеш берүү жана жардам бериш үчүн орто эсеп менен 13500 аскери бар. Бул сандын 8400ү АКШнын аскеринен турат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан аптанын башында жарыяланган «Жаңы Ооганстан стратегиясынын» ийгиликке жетишүүсү мүмкүн эместигин белгилеп өткөн эле.



Тектеш кабарлар