Күндүн толук тутулушун көрүү үчүн миллиондогон адам даярданууда

Бул керемет кубулушка күбө болгусу келген адамдар бардык альтернативаларды издеп жатышат

792694
Күндүн толук тутулушун көрүү үчүн миллиондогон адам даярданууда

АКШ Күндүн толук тутулушуна катуу даярдык көрүп жатат. Адамдар Күндүн толук тутулушун 1918-жылдан бери биринчи жолу мынчалык даана көрүшөт.

21-августагы тутулууга бүткүл дүйнөдө эң так Түндүк Америкадан байкоо салууга болот.

3 мүнөттүк тутулуу АКШда туризм секторун жандандырды.

Тутулуунун багытындагы эң арзан отелде бир түндүк конок болуу үчүн 400 долларды чөнтөктөн чыгарыш керек.

Орегон лагерь аймагында бардык отелдер толуп калды.

Бир бөлмөнүн акысы миң долларга жеткендер да бар.

«Унаамда жатып эле Күн тутулууга күбө боломун» деп айтуу да оңой эмес.

Автопарктардын бир күндүк акысы да 100 долларга жетти.

Кала турчу жер тапкан адамдардын экинчи чоң маселеси болсо транспорт.

Лос-Анжелестен Канзаска 200 доллар болгон билет баалары бул убакта 608 долларга чейин кымбаттады.

Талап көп болгондуктан Күндүн тутулушуна асманда күбө болгусу келгендер үчүн атайын учак турлары да уюштурулду.



Тектеш кабарлар