Бозгундар куткарылды

Жер ортолук деңизде 339 бозгун куткарылды

791216
Бозгундар куткарылды

Испаниянын деңиздеги куткаруучу тобу, Мараккодон өлкөнүн түштүгүндөгү Гибралтар кысыгынан өтүүгө аракет кылган 7 кемедеги 339 бозгунду куткарды.

Куткарылган кишилер Гибралтардагы Тарифа шаарына алып барылды. Бозгундардан 34ү Сахара, калгандары да Магриб өлкөлөрүнөн болот.

Гибралтардын жээгиндеги Испаниянын жери болгон эки кичине порт шаар Суета менен Мелилья акыркы мезгилде, өлкөлөрүндөгү жакырчылыктан жана кагылышуулардан качкан африкалык бозгундар көп учураган жерлерге айланды.

Чек арада август айынын башында болгон баш аламандыктан 300 кишилик баш калкалоочудан 187си коопсуздук күчтөрүнөн ашып өтүп Суетага жете алган болчу.



Тектеш кабарлар