Грециядагы өрттөр көзөмөлгө алына албай жатат

Грецияда көптөгөн күндөрдөн бери  болуп жаткан токой өрттөрү бардык аракеттерге карабастан көзөмөлгө алына албай жатат

790464
Грециядагы өрттөр көзөмөлгө алына албай жатат

Грецияда көптөгөн күндөрдөн бери  болуп жаткан токой өрттөрү бардык аракеттерге карабастан көзөмөлгө алына албай жатат. Башта  борбор шаар Афина жана тегереги болуп Грециянын бир топ аймагында чыккан өрт күнүмдүк турмушка  тескери таасирин тийгизүүдө. Афина жакындарындагы эки жайкы лагерь менен үй да бошотулду.

Борбор шаарда 45 километрдик аралыктагы Кламосто чыккан өрттө көп сандаган имарат күлгө айланды. Кээ бир аймактар бошотулуп жүздөгөн өрт өчүргүч өрттү өчүрүү үчүн аракет кылууда. Өрт өчүрүү иштерине  ыктыярдуулар да катышууда. Өрттү өчүрүү иштери абадан да улантылууда.

Салоники, Пелопоннез жарым аралы менен Ион деңизиндеги Кефалоня жана Закинтос аралында да бир топ жерде чыккан өрт уланууда. Закинтосто төрт күндөн бери болуп жаткан өрттөн улам өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Туристтик аралда  24 саатта 22 башка жерде өрт чыкты. Жалпы өлкөдө болсо бул сан 91ге жетти. Өрттөрдүн  кээ бирлеринин өрт коюудан чыгышы мүмкүн экендиги белгиленүүдө.

 



Тектеш кабарлар