Иранда бир аскер туш келди аткылады

Иранда жөн жерден бири майор 4 аскер каза болуп, 8 аскер жарадар болду

784932
Иранда бир аскер туш келди аткылады

Ирандын борбор калаасы Тегеранда Аба күчтөрү командирлигинин машыгуу талаасында бир аскер айланасындагыларга ок атуусунун натыйжасында бирөө майор 4 аскер каза таап, 8 аскер жарадар болду.

Иран армиясына таандык AJA интернет сайтынын кабарына караганда Кехризек машыгуу талаасында бир аскердин ок атуусунун натыйжасында бири майор 4 аскер каза таап, 8 аскер жарадар болду.

Аскердин ызаланган болушу же болбосо куралын башкара албай калуу ыктымалдуулугу бар экени билдирилди.

Бир тараптан Мехр маалымат агенттигине сүйлөгөн Кехризек округунун райондук кеңешинин башчысы Мухаммед Хашими болсо окуянын Систан-Белучистандык аскердин куралдуу кол салуусунун себебинен болгонун,  каза тапкандардын бирөө майор экенин айтты.

Өлкөдө өткөн айда Казвин дубанындагы Абик аскердик аймагында бир аскердин ок атуусунун натыйжасында 3 аскер көз жумуп, 5 аскер жарадар болгон.



Тектеш кабарлар