Cергей Лавров Путин менен Циньпиндин жолушуу өткөрөрү тууралуу маалымат берди

Орусиянын президенти В. Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы  Си Циньпин Түндүк Корея тууралуу сүйлөшөт.

784902
Cергей Лавров Путин менен Циньпиндин жолушуу  өткөрөрү тууралуу маалымат берди

Орусиянын президенти В. Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы  Си Циньпин келерки айда Кытайдын Хиамен шаарында жолугушуп Түндүк Корея тууралуу сүйлөшөт.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Филиппиндердин борбор шаары Манилада өткөрүлгөн 50 -  Түштүк Чыгыш Азия эл аралык биримдиги АСЕАНдын тышкы иштер министрлеринин жыйынынын негизинде кытайлык кесиптеши  Ванг Йи менен өткөргөн сүйлөшүүдө Путин жана Циньпиндин келерки айда Хиамен шаарында боло турган BRICS өлкөлөрү (Бразилия, Оруия, Индия, Кытай жана Түштүк Африа) саммитинде жолугушарын эске салды.

Лавров : «Лидерлерибиздин саммити үчүн даярдык көрүүдөбүз жана бул жолугушууда Орусиянын президенти В. Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы Циньпиндин эки тараптуу карым – катнаштардын ачкыч темалар менен эл аралык темаларды карап чыгышын күтүүдөбүз»,- деди.

Лавров айрыкча Москванын Орусия жана Кытай мамлекеттери менен элдеринин арасындагы карым – катнаштар жана лидерлердин арасындагы атайын карым – катнаштар тууралуу Пекиндин көз караштарын толугу менен колдогондугун да сөздөрүнө кошту.

 



Тектеш кабарлар