Кытайда калктын жаш катмары азайып баратат

Өлкөдө 60 жаш жана андан жогору жаштагылардын саны көбөйдү

783868
Кытайда калктын жаш катмары азайып баратат

Кытайда 60 жаш жана андан жогору жаштагылардын саны 2016-жылдан тарта 230 миллион 800 миң кишиге жетти.

Кытайдын Атуулдук боюнча ички иштер министрлиги, өлкөдө 60 жаш жана андан жогору жаштагы 230 миллион 800 миң адамдын бар экенин белгилеп, бул сандын 150 миллион 30 миңин 65 жаштан жогоркулардын түзгөнүн билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, өлкөдөгү 140 миң карылар үйүндө жашаган ар бир миң карыга 32 гана орун түшкөнү маалымдалды.

Өлкөдө 2016-жылдын аягынан тарта 460 миң багар-көрөрү жок жетимдин жашаганы айтылса, булардын 88 миңинин өкмөткө караштуу кайрымдуулук мекемелери тарабынан камкордук көрүлгөнү баса белгиленди.

Жооптуу кызматкерлер, өткөн жылдагы 19 миң багар-көрөрү жок жетимдин Кытайда жана чет өлкөлөрдөгү үй-бүлөр тарабынан асырап алынганын билдиришти.



Тектеш кабарлар