Дүйнө элин кооптондурган коркунучтар аныкталды

PEW изилдөө институту бүткүл дүйнө боюнча коомду кооптондурган коркунучтар туурасында сурамжылоо жүргүздү.

782761
Дүйнө элин кооптондурган коркунучтар аныкталды

Дүйнөдө коркунуч туудурган башкы элементтер катары ДЕАШ террор уюму жана климаттын өзгөрүшү саналууда.

PEW изилдөө институту бүткүл дүйнө боюнча коомду кооптондурган коркунучтар туурасында сурамжылоо жүргүздү.

38 өлкөдөн 42 миң кишинин катышуусу менен жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда  Европа жана Америка Кошмо Штаттары башында турган 18 өлкөдө ДЕАШ террор уюму ири коркунуч катары эсептелет.

Климаттын өзгөрүшү Түштүк Америка жана Африка өлкөлөрүндө тынчсыздануунун негизин түзүүдө. Климаттын өзгөрүшү эң чоң коркунуч болуп эсептелген өлкөлөрдүн башында 89%дык катнаш менен Испания турат.

Немистердин 77%ы ДЕАШ террор уюмун коопсуздукка коркунуч туудурган эң чоң себеп катары көрүшөт. Экинчи орунда 66% кибердик чабуулдар, үчүнчү орунда болсо 63% менен климаттын өзгөрүшү турат.

Коркунуч рейтинги өлкөлөргө карата өзгөрөт.

Мындан улам Түркиядагы коркунуч жараткан себептер дүйнөлүк орто эсептен айырмаланат.

Сурамжылоого караганда Түркияда калктын 72%ы АКШнын саясатын жана таасирин чоң коркунуч катары эсептешет.

Гректердин 88%ын, венесуэлалыктардын 56%ын болсо дүйнөлүк экономиканын абалы кооптондуртат.

Польша жана Венгриянын үчтөн экиси Ирак жана Сирия сыякуу өлкөлөрдөн Европага көчүп барган баш калкалоочуларды коркунучтун негизги себеби катары көрүшөт.

Качкын кризисин эң маанилүү коркунуч катары көргөн немистердин катнашы 20%ы түзөт.



Тектеш кабарлар