Орусия электрондук виза жеңилдигин киргизди

Орусия Түркия да араларында болгон 18 өлкөнүн жарандарына электрондук виза жеңилдигин киргизди.

782409
Орусия электрондук виза жеңилдигин киргизди

Орусия Түркия да араларында болгон 18 өлкөнүн жарандарына электрондук виза жеңилдигин киргизди.

Орусия Ыраакы Чыгыш өнүгүү министрлиги араларында Түркия, Кытай, Индия жана Япония болуу менен 18 өлкөнүн жарандарына карата жеңилдетилген виза режиминин Ыраакы Чыгыш федералдык аймагында ишке киргендигин белгиледи.

Азыркы учурда Владивасток шаарында 2 чек ара капкасы дагы ишке кирди.

Орусиянын Ыраакы Чыгыш өнүгүү министри Александр Галушка : «18 өлкөнүн жараны электрондук виза менен Владивасток портунда жана Кневичи аэропортунан кире алат. 2018 – жылдын январь айынан баштап электрондук виза менен иштеген бажы капкаларынын саны төрткө чыгат. Муну менен Камчатка жана Сахалин аймактарына барууга болот. Электрондук визалардын берилиши максимум даражада оңой» болот»,- деди. Виза үчүн кайрылууларга 3 күндүн ичинде жооп берилет жана 30 күндүк мөөнөт менен берилет.

 



Тектеш кабарлар