10 күн мурда дайындалган Скарамуччи кызматтан кеттиби?

Скарамуччинин Ак үйдүн аппарат башчысына баш ийбөөсү менен катар бир гана президентке отчет бере турганын айтканынын себебинен улам кызматтан кеткени билдирилди.

781485
10 күн мурда дайындалган Скарамуччи кызматтан кеттиби?

Ак үйдүн байланыш кызматынын жетекчиси болуп 10 күн мурда дайындалган Энтони Скарамуччи, Ак үйдүн аппарат башчысына жаңы дайындалган Джон Ф. Келлинин өз командасын түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн кызмат ордун бошотконун айтты.

Ак үйдүн билдирүүсүндө, “Энтони Скарамуччи Ак үйдүн байланыш кызматынын жетекчилик ордунан кетип жатып, аппарат башчысы Жон Ф. Келлиге ишин жаңы барактан баштоо жана өз командасын түзүүгө эң мыкты мүмкүнчүлүк берүү керектигин сезди. Биз дагы бардык жакшылыктарды каалайбыз”-деди.

Америка медиа каражаттарынын Ак үйдөгү булактарга таянып жазган кабарына караганда Скарамуччи Ак үйдүн аппарат башчысына дайындалган Жон Келлинин каалосу менен кызматтан бошогонун белгиледи.

Скарамуччи Ак үйдүн мурунку байланыш кызматынын жетекчиси жана басма сөз катчысы Шон Спайсердин ордуна дайындалган. Бул дайындоо менен Ак үйдүн аппарат башчысы Райн Прибустун да ишин таштоосу талап кылынган.

Скарамуччинин Ак үйдүн аппарат башчысына баш ийбөөсү менен катар бир гана президентке отчет бере турганын айтканынын себебинен улам кызматтан кеткени билдирилди.



Тектеш кабарлар