Ирактын Кабулдагы элчилигине кол салды

Кол салууда эки афган коопсуздук кызматкери каза болуп, Ирак элчилигинин кеңешчиси да жакындардагы Египет элчилигине баш калкалады.

780854
Ирактын Кабулдагы элчилигине кол салды

Афганстандын борбор шаары Кабулда Ирак элчилигине карата бомбалуу кол салуу жасалды. Кол салууда эки афган коопсуздук кызматкери каза болуп, Ирак элчилигинин кеңешчиси да жакындардагы Египет элчилигине баш калкалады.

Кабул коопсуздугунан эки жооптуу бомба жайгаштырылган унаанын Ирактын Кабул элчилигинин алдында жардырылгандыгын, андан кийин да куралдуу бир кишинин элчиликтин имаратына кирүүгө аракет кылгандыгын белгиледи. Аймакта көргөн күбөлөр окуя болгон жерден курал үндөрүнүн келгендигин билдирди.

Коопсуздук күчтөрү менен кагылышуу 4 саатка созулду. Афган жетекчилер кагылышуунун акырында бардык кол салуучулардын өлтүрүлгөндүгүн билдирди. Кол салууну ДЕАШ террордук уюм моюнга алды.

 

 



Тектеш кабарлар