Чыгыш Гутада жетим балдар жардам күтүүдө

Чыгыш Гутада аталары режимдин кол салуусунда каза болгон 12 миңге жакын бала чукул түрдө жардам күтүүдө.

778956
Чыгыш Гутада жетим балдар жардам күтүүдө

Сирияда Башар Асад режими аскердик курчоого алган Чыгыш Гутада аталары режимдин кол салуусунда каза болгон 12 миңге жакын бала чукул түрдө жардам күтүүдө.

Борбор шаардын чыгышындагы Чыгыш Гута беш жылга жакын убакыттан бери Башар Асад режими менен колдоочусу болгон чет элдик террордук топтордун курчоосунда.

Режим 450 миңге жакын киши жашаган аймакка гуманитардык жардамдардын киришине уруксат бербей жатат. Аймактагы жарандык коом уюмунун Кайрымдуулардын жетимдер коомунун жооптуусу Беян ел  - Хамади : «Гутадагы 12 миң жетимден 1500зү жардам алса, 4 миңге жакыны чукул жардамга муктаж»,- деди. Ел Хамади аймактын узун убакыттан бери блокада астында экендигин баса белгилеп : «Гутада жашоо абдан кымбат. Аймакка  акча да кирбейт. Акча кирбегени үчүн керектүү жардамдар бериле албай жатат. Бул жерде жетим балдардын абалы абдан начар жана күн сайын начарлап баратат»,- деди.



Тектеш кабарлар