Индияда баасы эки эсеге чыккан помидорлор куралдуу коргоого алынды

Gомидор баалары  мурунку айга караганда эки эсе артып 100 рупиге жетти.

777172
Индияда баасы эки эсеге чыккан помидорлор куралдуу коргоого алынды

 

Борбор шаар Делинин 900 километр түштүгүндө жайгашкан Мадя Прадеш аймагында өткөн айда помидордо түшүмдүн ашыкчалыгынан улам бир топ өндүрүүчү помидорлорду жолдорго төккөн Мадя Прадеште эми болсо помидор баасы абдан жогорулады. Бул абал да  баанын артуусуна жана помидор уурдоонун башталышына жол ачты. Жетекчилер Devi Ahilya Bai Holker жашылча  - жемиш базарында помидорлорду коргоо үчүн  куралдуу коргоочулар милдеттендирилди.

Помидорлор жүк ташуучу машиналарга жүктөлүп, куралдуу коргоочулар калктын помидорго жакындашына тоскоол болууда. Помидор мезгилинин өтө башташы менен катуу жамгыр жаашы жашылчаларга зыянын тийгизип, помидор баалары  мурунку айга караганда эки эсе артып 100 рупиге жетти.

India Today гезитинде орун алган бир анализде болсо Индияда пияздын өкмөттөрдү кулата турганчалык маанилүү экендигин баса белгилеп, помидор бааларынын да өкмөткө тескери таасир тийгизери белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар