Йеменде 20 миллиондон ашык киши жардамга муктаж

Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсеси Йемен тууралуу берген бир айлык отчетунда өлкөдө жардамга муктаж адамдардын саны жарым миллиондон ашкандыгын белгиледи.

776197
Йеменде 20 миллиондон ашык киши жардамга муктаж

Отчетто, өлкөдө 20 миллион 700 миң кишинин гуманитардык жардамга муктаждыгынын жаралуусу азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги жана аймактагы холера вирусу менен түздөн- түз байланыштуу экени жазылган.

Отчетто финансылык колдоолордун төмөн болгондугуна карабастан 124 гуманитардык жардам уюмдарынын 2017- жылы максаттарынын 36 %ы ишке ашырылгандыгы көңүл бурду.

Ошондой эле өлкөдөгү холера эпидемиясынан көз жумгандардын саны 1847  өскөндүгү айтылды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун берген отчетунда өлкөнүн 21 дубанында 27-апрелден бүгүнкү күнгө чейин холера эпидемиясынан улам каза болгондордун саны 1847ге жетти.

Өткөн жумаларга салыштырганда өлүм көрсөткүчү азайышынын байкалгандыгы жазылган отчетто холера менен ооругандардын саны 377 миң 894 болгону жазылган.

Йеменде 2 жылдан ашуун убакыттан бери токтобогон кагылышуулардын айынан өлкө ичинде болжол менен 3 миллиондон ашык  киши таза суу менен камсыз болбогону жана таштандылардын чогултулбагандыгынын натыйжасында күн сайын холера оорусун жуктуруу коркунучу жаралууда.

Йеменде мыйзамдуу башкарууга төңкөрүш кылган хусилер, 2014- жылдын сентябрь айынан баштап борбор шаары Сана баш болгон башка да аймактарды көзөмөлүндө кармоодо.

Сауд Арабия башында турган  коалиция күчтөрү 2015- жылдын март айынан бүгүнкү күнгө чейин хусилерге каршы согушта мыйзамдуу өкмөт күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келет.



Тектеш кабарлар