АКШда республикачылдар менен демократтар макулдашышты

Үч өлкөгө жаңы санкциялар киргизилет

776169
АКШда республикачылдар менен демократтар макулдашышты

Америка Конгрессинде республикачылдар менен демократтар Иран, Түндүк Корея жана Орусияга каршы жаңы санкциялардын киргизилүүсүндө макулдашышты.

Конгресстеги 2 партия айрыкча, Орусияга карай санкцияларды жое албашы үчүн президент Дональд Трамптын таасирдүүлүгүнө чектөө коюуга карата мыйзамдык сунуш боюнча да келишишти.

Бул сунуш мыйзамдашкан учурда Трапм Конгресстин макулдугу болбостон Москвага киргизилген санкцияларды жое албайт же жумшарта албайт.

Аты аталган мыйзамдык сунушка карата макулдашуу, Конгресстин Орусияга каршы катуу мамилесин уланткысы келгендиги жөнүндөгү айтымдарга себепчи болду.

Трамптын мыйзамдык сунушту вето кылууга укугу бар.

Мыйзамдык сунуштун шейшемби күнү Конгрессте каралышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар