АКШ Сириядагы базаларын жашыруудабы?

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров:«Ушул себептен АКШ, Сириядагы базаларын жашырып жатат»,-деди.

775311
АКШ Сириядагы базаларын жашыруудабы?

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Америка Кошмо Штаттарынын Сириядагы иш-аракеттеринин укуктук негизи болбогонун белгилеп, «Ушул себептен АКШ, Сириядагы базаларын жашырып жатат»,-деди.

Борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берген Сергей Лавров, Орусиянын Сириядагы иш-аракеттерин бул өлкө менен түзгөн келишимдердин негизинде жүргүзгөнүн белгилеп кетти.

АКШнын Сириядагы иш-аракетинин болсо кандайдыр бир укуктук негизинин болбогонун баса белгилеген Лавров: «Ушул себептен АКШ, Сириядагы базаларын жашырып жатат»,-деди.

Орусия жана АКШнын Сириядагы орток максатынын террор менен күрөшүү жана саясий ырааттуулук болгонун белгилеген Сергей Лавров, «Лидерлер эрктерин коюшса жакшы жыйынтык алууга болот. Сириянын түштүгүнө байланыштуу түзүлгөн ок атпоо келишими да мунун үлгүсү»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар