ФЕТӨ АКШнын террор боюнча отчетунда

АКШнын мамлекеттик департаменти “Терроризм- 2016” аттуу дүйнөлүк отчетунда Фетуллахчы террордук уюму алгач ирет талкууга алынды.

774498
ФЕТӨ АКШнын террор боюнча отчетунда

Отчеттун Түркия тууралуу бөлүмүндө, Түркияда ПКК жана ДЕАШ баш болгон террордук уюмдар менен күрөштүн уланышына басым жасалып, Түркияда 2016-жылы өткөн ири террордук кол салууга орун берилди.

Улуттук Коопсуздук кызматы ФЕТӨнү 2016-жылдын 26-майында террордук уюм деп тааныган отчетто “Өкмөт, 15-июлдагы 240тан ашык адам шейит болгон, 2100дөн ашууну жарадар болгон төңкөрүш аракетинде  Гүленди жоопкер деп санайт”,-деди.

Түркиянын террордук уюмдар же чет өлкөлүк террор согушкерлер менен күрөшүүсүн  улантышын белгилеген отчетто, Анкаранын террор менен курөшүүсүнүн алкагында жүзөгө ашыра турган айрым чаралар күн тартибине коюлду.

Ички иштер министрлигинин отчету боюнча Түрк коопсуздук күчтөрүнүн 2016-жылдын 26-январынан тартып ноябрына чейин ДЕАШ террордук уюмуна байланышы болгон 3089 кишини кармап анын 1381и чет элдик болгону катталган  жана алардын 1204ү камакка алынып, алардан 618и чет өлкөлүк болгону белгиленген.

Айрыкча, Түркиянын ДЕАШ террордук уюмуна каршы августта башталган “Евфрат Калканы” операциясы менен ДЕАШка каршы Глобалдык күрөшүү коалициясына жигердүү катышканы отчеттун маанилүү бөлүгүн түздү.

 Түркиянын чет өлкөлүк согушкерлер менен күрөшүшүнө тийиштүү отчетто төмөнкүлөр айтылды:

“Түрк өкмөтү, өлкөгө кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүктөрдүн тизмесин кеңейтип, аба майдандарында, кеме токтотуучу жайларда, автобус бекеттеринде жана чек ара капкаларында террорист катары шектелген  жарандарды аныкташ үчүн  “Тобокел анализи” биримдигин түзүштү. Чек аралардагы аскердик жана жарандык күчтөргө кошумча кызматкерлерди кошуп,  керектүү шаймандар менен куралдандырып, чет өлкөлүк террористтерди аныктоо аракеттери күчөтүлдү”.

Түркиянын ДЕАШ  террордук уюмуна каршы жүргүзүлгөн операциялар туурасындагы отчетто,  өлкөнүн Аданадагы Инжирлик жана аймактагы башка базаларды ДЕАШка каршы күрөшкө ачуусунун маңызына токтолду.

ПККнын 2016-жылы Түркияда террордук аракетин улантканын талкуулаган отчетто, Түрк Куралдуу күчтөрүнүн 2015-жылдын июнь айынан бери жикчил террордук уюмдун 8 миң мүчөсүн колго түшүргөнү белгиленди.

Аталган убакыт аралыгында ПККнын кол салууларынан шейит болгон коопсуздук кызматкерлеринин саны 750дөн ашканы  жарыяланды.

ПККнын уландысы ТАК террордук уюмунун коопсуздук күчтөрүнө, инфраструктурага жана туристтик комплекстерге багытталган кол салууларынын артканын белгилеген отчетто, АКШ жана НАТОго каршы турган Марксист-Ленинист уюм ДНКР-Снын кыймылдары да талкууга алынды.

Отчетто ПКК террордук уюмунун Сириядагы уландысы PYD-YPG террордук уюму катары эске алынбаса да тийиштүү бөлүмдө ал туурасында: “Түрк өкмөтү, өлкөдөгү айрым террордук уюмдарды жарыялады. Аталган уюмдар, Түрк Хизбуллахы, Түркия Коммунисттик партиясы/Марксист-Ленист (TKP-ML), Түркия Жумушчулар айылдарды куткаруу армиясы(TİKKO), жана Марксист -Ленинист коммунисттик партиясы(MLKP). Түркия айрыкча  Сириялык PYD менен анын куралдуу бутагы YPGны, ПКК менен жакын мамиледеги террордук уюмдар катары тааныйт”.

Отчетто, дүйнөдө 2015-2016-жылдар аралыгында террордук акттардын саны азайса да, Иран дагы деле терроризмди  колдогон өлкөлөрдүн сап башында экени көрсөтүлдү.

Мамлекеттик департаменттин отчетунда террорчуларга колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн тизмесинде Иран менен катар Судан жана Сирия да бар болуп, Ирандын Израилге каршы топторго колдоо көрсөтүүнү улантканы,  Ирак, Сирия жана Йеменден баштап аймактарда тартипсиздикке алып келгени айтылды.

Отчетто, 2015-жылдагыга салыштырмалуу террордук кол салуулар 9 % азайганы белгиленди.

Отчетко караганда дүйнө жүзүндө 2015-жылы 11 миң 774 террордук кол салуу катталса, 2016-жылы бул көрсөткүч 11 миң 72ге түшкөн. Террордук кол салууларда набыт болгондордун саны 28328ден 25621ге азайган.

2016-жылы мамлекеттик эмес  актерлердун арасында эң көп террордук кол салуунун ДЕАШ тарабынан болгону айтылган отчетто, ДЕАШтын Сирия жана Иракта көп жерлеринен ажырагандан кийин кол салууларын көбөйткөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар