Америка лазердик куралын сынады

Америка Кошмо штаттарынын деңиз флоту, Перс булуңунда дүйнөдөгү алгачкы учкучсуз абада учуучу унааны жок кыла турган лазердик куралды сынактан өткөрдү.

773511
Америка лазердик куралын сынады

СNN телеканалынын маалыматына таянсак USS Поунс аттуу амфибиялык жүк ташуучу кемесине жайгаштырылган LaWS, белгиленген буталарды таамай атты.

Аскер өкүлдөрү, LaWSты сыноо учурунда анын өтө айырмаланбаганын  жана тынч абалда учканына күбө болушту.

Ал эми, USS Поунстун капитаны Кристофер Уэллз СNN телеканалына:

“Лазердик курал, жөнөкөй октон дагы сезимтал. LaWS лазердик куралы белгилүү чөйрө менен гана чектелип калбайт ( кургактык, аба, деңиз). Аны көп бутага багыттап колдонуу мүмкүнчүлүгү бар”,-деген.

LaWSтын жарык ылдамдыгына тете учканын белгилеген Уэллз, анын материктер арасындагы баллистикалык ракеталардан 50 миң эсеге дагы ылдам болгонун айткан.

 СNNге маалымат берген дагы бир аскер кызматкери, капитан Хэлл Хюьc, LaWS лазер куралы жакындаган заттарга көп өлчөмдөгү фотонду бөлүп чыгарып жибергенин белгилеп, “Шамалдан, диапазондон же башка нерседен кабатырланбайбыз. Багытталган бутабызды жарыктын ылдамдыгындай күч менен жок кылуу жөндөмдүүлүгүнө ээбиз”,- деди.

Хюьс, LaWSтын ракеталарды да жок кылуу жөндөмдүүлүгүнө ээ экенин айтты.



Тектеш кабарлар