АКШ Иракты ИКБЙ пландаган референдум боюнча эскертти

ИКБЙнин референдуму көңүлдөрдү башка тарапка бурат.

773776
АКШ Иракты ИКБЙ пландаган референдум боюнча эскертти

АКШнын БУУнун туруктуу өкүлү Никки Хейли  Ирак Күрт Аймактык Башкаруусу ИКБЙнин сентябрь айында өткөрүүнү пландаган «көз карандысыздык референдумунун» көңүлдөрдү алдыңкылык берилген максаттадан башка тарапка бурары боюнча  санааркап жаткандыгын билдирди.

Хейли БУУнун баш катчысынын Ирак атайын өкүлү Жан Кубис менен жолугушкандан кийин берген жазуу түрүндөгү маалыматында Кубис менен Иракта МусулдунДЕАШ террордук уюмдан куткарылышынан кийинки абалы менен туулган жерлеринен кеткен калктын үйлөрүнө кайтышын сүйлөшкөндөрүн билдирди.

Ирактык күрттөрдүн мыйзамдуу каалоолоруна сый көрсөткөндүгүн белгилеген Хейли : «Түрдүү референдумдар Ирак үчүн алдыңкылык болгон ДЕАШ менен күрөш жана өлкөнү бардык ирактыктар үчүн ырааттуу абалга алып келүү максатынан башка тарапка бурулушуна себеп болот. Мындан тынчсыздануудабыз»,- деп айтылды.

ИКБЙнин төрагасы Месут Барзани ИКБЙ парламентинде орун алган саясий партиялардын өкүлдөрү менен 7 -июнда Эрбилде өткөргөн жыйында «көз карандысыздык референдум» үчүн 23 -сентябрдын белгиленгендигин билдирген болчу.



Тектеш кабарлар