Израилдин аскерлери дагы бир палестиналыкты атты

Израилдин ар кандай шылтоолор менен палестиналыктарга карай зомбулугу күчөп уланууда.

757068
Израилдин аскерлери дагы бир палестиналыкты атты

Израилдин аскерлери, басып алуусу астындагы Чыгыш Иерусалим менен Батыш Шерианын арасындагы Жаба текшерүү пунктунда бычак менен кол салууга аракет кылганы айтымы менен палестиналык бир уланды атып өлтүрдү.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү жарыясында палетиналык жаш уландын ок тийип жарадар болгону маалымдалса, Израилдин басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда Израилдин аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн палестиналыктын басып алуу астындагы Чыгыш Иерусалимдин Айзерие аймагынын тургундарынан 23 жаштагы Имад Семир эл-Хирдави экенинин маалыматы берилди.

Акыркы мезгилде Израилдин Палестиналыктарга карай кол салууларындагы өсүү көңүл бурууда.

Израиль күчтөрү, «бычак менен кол салууга аракет кылганы» же «унаа менен кагуу аракетин кылганы» айтымдары менен палестиналыктарга карай зомбулуктарын улантууда.

Адам укуктары уюмдары, кол салгандыгы айтымдары менен палестиналыктарга сотсуз өлүмдү ишке ашыруусун кылып жатканы менен Израилди күнөөлөөдө.

Расмий статистикаларга караганда Израиль күчтөрү менен палестиналыктардын арасында 2015-жылдан бери басып алуу астындагы Батыш Шериа, басып алуу астындагы Чыгыш Иерусалим жана Газада уланган окуяларда эки Иордания атуулу жана 269дан ашуун палетианалык менен 47 изриалдик аскер жана полиция каза болгон.



Тектеш кабарлар