АКШнын Катар элчиси арызын берди

АКШнын Катар элчиси Дана Шелл Шмит кызматынан кетүү үчүн арызын берди.

752634
АКШнын Катар элчиси арызын берди

АКШнын Катар элчиси Дана Шелл Шмит кызматынан кетүү үчүн арызын берди. Арыз бергендигине байланыштуу социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн элчи маалыматында : «Бул ай АКШнын Доха элчиси катары үчүнчү жылымы толтурдум. Бул өмүрүмдөгү эң чоң сыймык жана бул сонун өлкөнү сагынам»,- деди. Арыз берүүсүнө байланыштуу негиз билдирилбестен, Шмиттин Трамп башкаруусунун Катар саясатына каршы чыгуу үчүн ишин таштагандыгы айтылды.

Американын тышкы иштер министрлиги болсо Катар элчисинин кызмат мөөнөтү толгону үчүн арызын бергендигин билдирди.

Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Египет жана Йемен 5 -  июнда «террорго колдоо берүү менен күнөөлөгөн» Катар менен бардык дипломатиялык карым – катнаштарын үзгөндүгүн жарыялаган. Аба мейкиндигин Катарга жапкан Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейн катарлык дипломаттардын 48 саттын ичинде өлкөлөрүнөн чыгып кетишин талап кылган.

Сауд Аравия айрыкча Катардын бир гана кургактык чек арасын да жапкан болчу.

Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египет бул чечимдерден бир канча күндөн кийин жарыялаган орток билдирүүдө болсо Катар тарабынан колдоого алынган, араларында Дүйнөлүк мусулман аалымдары биримдигинин төрагасы Юсуф ел  - Карадави да болгон 59 киши менен 12 башка мекеменин «террор менен байланышы» бар деген негиз менен «террор тизмесине» алынгандыгын билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар