Йеменде 676 киши холерадан каза тапты

3 миллионго жакын киши таза суунун жоктугу жана таштандылардын чогултулбашы менен күн сайын холера жугузуп алуу коркунучу менен бетме – бет.

746247
Йеменде 676 киши холерадан каза тапты

Йеменде 27 -  апрелден бери 19 аймакта таасирдүү болгон холера эпидемиясында каза болгондордун саны 676га жетти.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун Йемен офисинин социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта жума күндөн бери өлкөдө холерадан улам 71 кишинин дагы каза болушу менен жан жоготуунун 676га жеткендиги белгиленди.

Маалыматта өлкөдө 86 миң 400дөн ашуун шектүүнүн аныкталгандыгы билдирилди.

Йеменде эки жылдан ашуун убакыттан бери улантылып келе жаткан кагылышуулардан улам өлкө ичинде туулган жерлеринен кеткен 3 миллионго жакын киши таза суунун жоктугу жана таштандылардын чогултулбашы менен күн сайын холера жугузуп алуу коркунучу менен бетме – бет.

 



Тектеш кабарлар