Аргентинанын тышкы иштер министри арызын берди
БУУнун мурунку баш катчысы Бан Ки Мундун кабинет секретарлыгы кызматын аткарган Малкорра 2015 - жылы Аргентиненын тышкы иштер министрлиги кызматына келген болчу.
741930
![Аргентинанын тышкы иштер министри арызын берди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b5f3/539e/31e1/592d10c3e0405.jpg?time=1718997224)
Аргентинанын мамлекет башчысы Маурисио Макри тышкы иштер министри Сусана Малкорранын арызын бергендигин жарыялады. Макри өткөргөн пресс жыйынында Малкорранын жеке себептеринен улам арызын бергендигин жана үй - бүлөсүнө дагы жакын болуу үчүн Испаниянын борбор шаары Мадридге кетерин белгиледи.
Кабинет секретары Маркос Пена да Малкорранын Испаниядагы үйүнөн өкмөттүн кеңешчиси болууну улантарын билдирди. Малкорранын кызматын Аргентинанын Париж элчиси Йорге Фауре өткөрүп алат. Андан мурда БУУнун мурунку баш катчысы Бан Ки Мундун кабинет секретарлыгы кызматын аткарган Малкорра 2015 - жылы Аргентиненын тышкы иштер министрлиги кызматына келген болчу.