Трамп Сауд Арабияда

Трамп 50дөн ашуун араб жана Ислам өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылды

736589
Трамп Сауд Арабияда

АКШнын президенти Дональд Трамп, Ирандын Жакынкы Чыгышта баш аламандыкты жайганын айтты.

Трамп Сауд Арабиянын борбор шаары Рияддагы «Король Абдулазиз» атындагы эл аралык жарманке жана конгресс борборунда өткөрүлгөн «АКШ-Араб жана Ислам өлкөлөрүнүн саммитиндеги» сөз сүйлөөсүндө, 50дөн ашуун араб жана Ислам өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылды.
Трамп: «Баарыбыз үчүн жакшы келечекти камсыздоо жана орток кызыкчылык менен баалуулуктарга негизделген өнөктөштүктү сунуштоо үчүн ушул жердебиз»,- деп айтты.

АКШнын радикализмди жоюу үчүн Жакынкы Чыгышта улуттардын коалициясын талап кылганын айткан Трамп, өлкөсүнүн мурдагы достугун күчтөндүрүү жана тынчтыктын улантылуусу үчүн жаңы өнөктөштөрдү издей турганын билдирди.

Терроризмге каршы күрөшүүнүн ар башка диндер ортосундагы эмес, жакшы менен жамандын ортосундагы күрөш экенин баса белгилеген Трамп, ар бир өлкөнүн терроризмди өз жерлеринен жок кылууга милдеттүү экенин белгиледи.

Жакынкы Чыгышта жүздөгөн жылдар бою христиан, мусулман жана еврейлердин бирге жашаганын түшүндүргөн Трамп, кечиримдүүлүк жана урмат-сыйдын кайрадан ишке ашырылуусу  керектигин айтты.

Трамп дүйнөлүк лидерлерди Сириядагы кризисти соңуна чыгаруу, аймакта ырааттуулукту камсыздоо жана ДЕАШты түп тамыры менен жок кылуу үчүн чогуу иш жүргүзүүгө чакырды.

Ирандын аймактагы кол салгычтыгынан эң көп Иран эли жапа чеккенин баса белгилеген Трамп, кыйынчылыктарга чыдаган Иран элинин өз лидерлеринин туура эмес кыймылдарынын себебинен үмүтсүз экенин айтты.

Трамп Башар Асаддын Сирияда Ирандын колдоосу менен эң коркунучтуу кылмыштарды жасап жатканын баса белгиледи.

АКШнын президенти: «Иран режими дүйнөлүк терроризмге башчылык кылууда жана аймакта баш аламандыкты жаюуда»,- деди.



Тектеш кабарлар