Түштүк Кореяда президенттик шайлоо...

Түштүк кореялыктар 140 миң шайлоо округунда добуш беришти.

728873
Түштүк Кореяда президенттик шайлоо...

Түштүк Кореяда эрте президенттик шайлоо үчүн өткөн жумада башталган добуш берүү иши  жергиликтүү убакыт боюнча саат 20да аяктайт.

Мурунку мамлекет башчысы Парк Геун  - Хйе тууралуу саясий чыр – чатактан улам кызматынан алынышынан кийин өткөрүлгөн эрте шайлоодо түштүк кореялыктар бейшемби күнү башталган добуш берүү үчүн 140 миң шайлоо округунда добуш беришти.

Шайлоо комиссиясы 42, 5 миллион шайлоочу катталган өлкөдө катышуунун 80 пайыз болушу күтүлгөндүгүн билдирди. Шайлоочулардын төрттөн бир бөлүгүнөн ашыкчасы эки күндүк эрте добуш берүү укугунан пайдаланды.

13 талапкер жарышкан шайлоодон мурда жүргүзүлгөн анкеталар Демократ партиянын талапкери Мун Жае-индин мүмкүнчүлүгүнүн дагы жогору экендигин көрсөтүүдө. Шайлоонун жеңүүчүсү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00да үкөктөр жабылып, добуштарды саналышынан кийин белгилүү болот. Беш жыл кызмат кыла турган жаңы президент эки айлык өткөөл процессти күтпөстөн дароо ишин баштайт.



Тектеш кабарлар