Польша Сирияда турак жай курат
Польша ушул кезге чейин Сирияга 5 миллион долларлык жардам берди
710592
Польшанын премьер - министри Беата Зидло Сирияда согушта үйлөрү кулагандарга жардам беришерин жарыялады. Зидло Польшанын кыйын абалдагы сириялыктардын үйлөрүн кайрадан куруу үчүн 1 миллион доллар жумшай тургандыгын билдирди.
Польшанын тышкы иштер министрлиги Сирияга ушул күнгө чейин 5 миллион долларлык жардам берилгендигин билдирди. Дүйнөлүк коомдук пикир жардам берүүдөн алыс турган Европа өлкөлөрүнүн Сирияга жардам беришин күтүүдө.