Иракта АКШнын аскердик базасы болбойт

Хайдар аль-Ибади өлкөсүндө АКШга таандык аскердик база курулбай турганын айтты.

711275
Иракта АКШнын аскердик базасы болбойт

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади өлкөсүндө АКШга таандык аскердик база курулбай турганын айтты.

Ирактын премьер-министри борбор шаар Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында АКШга база берүүнү четке каккандарын белгилеп: «Коалицияга караштуу учактар коңшу өлкөлөрдүн базаларынан келет. Мурда базаларды АКШ башкарчу, эми болсо бул базаларды ирактыктар башкарат. АКШнын бул жерде 5200 чакты аскери бар. Бирок булардан эч бириси кургактыкта согушпайт. Булар кеңешчилик, билим берүү жана жабдуу иш-чараларында кызмат өтөшөт»,-деди.

Ибади өлкөсүндө коалициялык күчтөргө таандык 3-4 миңдей аскер бар экенин айтты.

Ирактын премьер-министри Керкүктөгү байрак кризиси тууралуу да Керкүктүн губернатору, Багдадга келген Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун делегациясы жана лидерлери менен сүйлөшкөндөрүн белгилеп: «Чыңалууну жогорулатуунун убагы эмес. Керкүктүн курамынын арасында маселе жаратуу коркунучтуу. Талаштуу аймактардагы маселени чечүү каалоом бар, бирок бул келишим конституция жана колдошуу жолу менен болот. Бул теманы ачыктык менен чечүү үчүн колубузда алтын мүмкүнчүлүктөр бар. Кагылышуу бизди эч бир жыйынтыкка алып барбайт. Жеринен ажырагандар орун алган жана айрым аймактары ДЕАШтын колунда турган бир шаарда кантип элдик добуш өткөрүлө алат?»,-деп айтты.

Ирактын бөлүнбөй турганын баса белгилеген Ибади: «Ирактыктар бөлүнбөйт. Түштүктөгү жарандар Мосулдагылар үчүн кайрымдуулук чогултуп жатышат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар