Чоң жетилердин тышкы иштер министрлери Сирия тууралуу сүйлөштү

«Асад кетиши керек» деген үндөр чыга баштады

710410
Чоң жетилердин тышкы иштер министрлери Сирия тууралуу сүйлөштү

Сирия режими  өткөн жумада Идлибде химиялык курал менен жасаган кыргындан кийин дүйнөдө «Асад кетиши керек» деген үндөр чыга баштады.

Франциянын тышкы иштер министри Жан Марк Айро Сириянын лидери Башар Асаддын бул өлкөнүн келечегинде орду жок экендигин айтты.  Дүйнөнүн өнөр жайлашкан  чоң жети  өлкөсү жана Европа Биримдигин бириктирген тышкы штер министрлери деңгээлиндеги чоң жетилер жыйыны Италияда башталды.

Жыйындын негизинде араларында Түркия да болгон өлкөлөр менен Сирия отуруму өткөрүлдү. Жыйындан кийин билдирүү жасаган Франциянын тышкы иштер министри чоң жетилер өлкөлөрүнүн Асаддын Сириянын келечегинде болбой тургандыгы тууралуу макулдашкандарын билдирди.

Италиянын тышкы иштер министри Анжелино Алфано болсо Сирия жыйынынын акырында жасаган билдирүүсүндө : «Сирияда саясий өткөөл, туруктуу жана таасирдүү бир ок атышпоого бардык нерсе бүткөндө, жаңы бир конституциянын негизинде  эркин шайлоого да мүмкүнчүлүк бере алат»,- деди.

Италиян министр Сирия тууралуу Орусиянын бир четке түртүлүшү керектигин баса белгиледи. Сирия менен Орусияга карата  санкциялардын кеңейтилиши тууралуу эч кандай чечим чыгарылбастан, Москва башкаруусунан Сириядагы жоопкерчиликтерин кабыл алышы талап кылынды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон да Асад режиминин өткөн жумада жасаган химиялык курал кол салуусунан кийин Орусиянын Асадга берген колдоону токтоторун айтты. Орусиянын борбор шаары Москвага өткөндөн мурда маалымат берген Тиллерсон : «Асад үй  - бүлөсүнүн өкүмдарлыгынын  аягына чыгары ачык. Орусия өкмөтүнүн Асад менен ортосуна аралык койорун ойлоп жатабыз»,- деди.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги да Италиядагы чоң жети өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу тууралуу берген маалыматында АКШ менен карым – катнаштардын Суук согуштан бери абдан оор мезгилин өткөргөндүгүнө көңүлдөрдү бурду.



 

 



Тектеш кабарлар