Орусияда эки полиция кызматкери өлтүрүлдү

Орусиянын Астрахань шаарында эки полиция кызматкери ким экени белгисиз кишилер тарабынан өлтүрүлдү

705684
Орусияда эки полиция кызматкери өлтүрүлдү

Орусиянын Астрахань шаарында эки полиция кызматкери ким экени белгисиз кишилер тарабынан өлтүрүлдү. Ички иштер министрлиги кечээ кечки сааттарда өлкөнүн түштүгүндөгү Астрахань шаарында бир кырсыктын билдирилүүсү менен окуя болгон жерге барган полицияларга ок атылгандыгын билдирди. Полиция кызматкерлеринин окуя болгон жерде каза болгондугу, кол салуучулардын окуя болгон жерден качкандыгы белгиленди. Маалыматта кол салуучулар колдонгон унааны аймакка жакын бир айылга таштап кеткендери билдирилди.

 



Тектеш кабарлар