Эквадордо шайлоо болуп өттү
Шайлоонун жеңүүчүсү Ленин Морено болду
704379
![Эквадордо шайлоо болуп өттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fd6d/a3eb/9890/58e1f8f43b369.jpg?time=1718995168)
Түштүк Америка өлкөлөрүнөн Эквадордо президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Ленин Морено болду. Морено добуштрадын элүү бир пайызын, атаандашы консерватор Гуиллермо Лассо болсо добуштардын кырк тогуз пайызын алды.
Морено социалдык медиа аркылуу берген маалыматында : «Бизди колдогон миллиондогон эквадорлукка рахмат айтамын. Бүгүн демократия жеңиш менен чыкты. Бүгүн Эквадор жеңди»,- деди.
Лассо болсо социалдык медиа аркылуу бөлүшкөн маалыматында колдоочуларын жыйынтыктарга нааразычылык билдирүүгө чакырды. Консерватор талапкер добуштардын кайрадан саналышын талап кылып, колдоочулары да митинг өткөрүштү. Расмий жыйынтыктар азырынча билдириле элек.