Австралиянын түндүгү суу астында

Жаңы Түштүк Галлер аймагынын шаарларында жашаган 40 миң кишиге үйлөрүн бошотуп, коопсуз аймактарга баруулары эскертилди

702610
Австралиянын түндүгү суу астында

Австралиянын Куинсланд аймагында таасирдүү болгон Дебби борошосу бир топ шаарда селдин жүрүшүнө жол ачты. 

Жетекчилер жуманын башынан бери Куинсландда таасирдүү болгон борошо себеп болгон катуу жамгыр жаашынын айынан аймакка караштуу бир топ шаар,проспектилер, унаалар, үйлөр жана иш жерлеринин суу астында калгандыгын билдиришти. Аймактын түштүгүндө 11 миңге жакын үй жана иш жерине азыр да электр бериле албай жатат. Чукул түрдө тейлөө топтору Жаңы Түштүк Галлер аймагынын шаарларында жашаган 40 миң кишини үйлөрүн бошотуп, коопсуз аймактарга барууларын эскертти. 

3 миң 600 чукул жардам чакыруусу алышкандарын белгилеген чукул түрдө тейлөө топторунун жетекчилери ушул кезге чейин каза болгон же жаралангандардын болбогондугун билдиришти. Бир тараптан метеорология бюросу BOM Куинсланддын түштүгүндө 1000ге жакын мектептин жабык болорун жарыялады. BOM билдирген аба божомолу отчетуна караганда бир топ шаарда дагы көп жамгыр жаашы күтүлүүдө. 

 



Тектеш кабарлар