Орусия - АКШ аскердик кемелери

Орусиянын коргоо министрлиги биринчи жолу ушунчалык так түрдө Америка деңиз флотунун Кара деңизге кирип чыгышына коркунуч катары караган эскертүү жасады

701083
Орусия  - АКШ аскердик кемелери

Орусия АКШга таандык аскердик кемелердин Кара деңизде болушун коркунуч катары кабыл алгандыгын жарыялады. Орусиянын коргоо министрлиги биринчи жолу ушунчалык так түрдө Америка деңиз флотунун Кара деңизге кирип чыгышына коркунуч катары караган эскертүү жасады.

Орусиянын коргоо министрлигинин маалыматында Кара деңизде күзөттө турган Америка кемелеринин кандай ракеталарды ташыгандыгына байланыштуу маалымат берилбегендигине көңүл бурулду.

Түрк деңиз флоту да 2 -  апрель жекшемби күндөн баштап Деңиз жылдызы – 2017 машыгуусун Кара деңизде аткарууга даярданууда. Деңиз күчтөрү командирлиги, аба күчтөрү командирлиги жана жээк коопсуздук командирлиги катышкан машыгуунун негизинде кемелер Грузиянын Батум, Орусиянын Новороссийский, Украинанын Одесса, Румыниянын Көстенже, Болгариянын Варна портторун да зыярат кылат. Машыгуунун негизинде деңиз күчтөрүнүн командирлиги ракета жана артиллериялык атууларды да аткарат.  



Тектеш кабарлар