АКШ Орусияны айыптады

АКШ Орусия өкмөтүн тынчтыкчыл митинг өткөргөн демонстранттарды эркин кое берүүгө чакырды

700214
АКШ Орусияны айыптады

Орусияда жуманын аягында оппозиячылдар өткөргөн митингдерде 500дөн ашуун кишинин камакка алынышын АКШ айыптаганын билдирди.

Мамлекеттик катчылыгынын убактылуу басма сөз катчысы Марк Тонер: «Орусиянын жалпысында тынчтыкчыл митингдерди өткөргөн демонстранттардын камакка алынышын АКШ катуу айыптайт»,-деп айтты.

Окуяга жакын байкоо салып жаткандарын белгилеген катчы Тонер, Орусия өкмөтүн тынчтыкчыл митинг өткөргөн демонстранттарды тезирээк эркин кое берүүгө чакырды.

Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург менен катар көптөгөн шаарында «Паракорчулукка каршы күрөшүү фондунун» негиздөөчүсү жана активист Алексей Навальный менен берки оппозициячыл топтор колдогон нааразылык акциялары өткөрүлдү.

Митингдер премьер-министр Дмитрий Медведев жөнүндөгү паракордук айтымдар орун алган отчет жарыяланашы боюнча уюштурулган эле.



Тектеш кабарлар