Вашингтондо террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүү боюнча жыйналыш өттү

Жыйналышта Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылды.

697390
Вашингтондо террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүү боюнча жыйналыш өттү

АКШнын борбор шаары Вашингтондо арасында Түркия да орун алган 68 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана өкүлдөрү террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү боюнча глобалдык коалиция жыйналышында чогулушту.

Жыйналышта Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылды.

Жыйналыш террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү боюнча ушул убакка дейре эң кеңири катышуучусу болгон жыйналыш болду.

Жыйналыштын ачылыш сөзүн АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жасады.

Тиллерсон сөзүндө Түркиянын «Эвфрат калканы» кыймылына токтолду жана Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүдөгү аракетин баса белгиледи. Тиллерсон: «Түркия, «Евфрат калкыны» кыймылы менен Сирия чек арасындагы ДЕАШ коркунучун алыстатты, учурда бардык чек арасы ДЕАШ жете албагыдай түрдө тазаланды жана ар дайым ушундай болот деп ойлойбуз»,-деди.

Тиллерсон баш калкалоочулардын үйлөрүнө кайтышы үчүн убактылуу коопсуз аймактарды курууга аракет кыла тургандарын жарыялады. Бирок Тиллерсон бул аймактарды кайсы жерге курууну пландагандары жөнүндө маалымат берген жок.

Саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да көп сандаган өлкөнүн өкүлү менен жолукту, Түркиянын ДЕАШ террор уюмуна каршы жүргүзгөн иштерин кеңири бөлүштү.

Мевлүт Чавушоглу ДЕАШ менен күрөшүп жатканда башка террор уюмдары менен кызматташтык кылбашы керектигин, ушундай абалдын аймакты дагы да ыраатсыз абалга келтире турганын айтты.

Айрыкча тышкы иштер министри бүтүндөй эл аралык актерлордун ДЕАШ менен күрөшүп жатканда аймактын динамикаларын кылдат карашы керектигин белгилеп кетти.

ДЕАШтын жок кылынышы жана андан кийин пайда боло турган көрүнүштүн абдан жакшы эсептелип чыгышы керектигин баса белгилеген Чавушоглу, аймакта жаңы маселелердин жаралбашы үчүн эл аралык коалицияны дагы кылдат чечим чыгарууга чакырды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу саммиттен кийин түрк жарандары менен жолугушуу жана ар түрдүү жолугушууларды өткөрүш үчүн Нью-Йорк жана Нью-Жерси аймагына өттү.



Тектеш кабарлар