Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун байрагынын илиниши тынчсыздануу жаратууда

Керкүк башкаруучусу Нооруз майрамынан улам Керкүктөгү бардык коомдук мекемелерге байрагы менен Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун байрагын илүү жолдомосун берген

696890
Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун байрагынын илиниши тынчсыздануу жаратууда

БУУму  Ирактын Керкүк шаарындагы бардык мамлекеттик мекемелерге Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун байрагынын илинишинин тынчсыздантуучу экендигин билдирди.

БУУнун Ирак жардам миссиясынан берилген маалыматта Ирак конститциясына караганда Керкүктүн Ирак борбордук өкмөтүнүн жоопкерчилиги астында экендиги жана Ирак байрагынын тышында бир байрактын илинбеши керектиги айтылды. Маалыматта Ирактагы бир топ этникалык жана диний группанын ортосундагы шайкештик жана тынчтыкты коркунучка сала турган бир тараптуу кадамдар тууралуу эскертти.

Керкүк башкаруучусу Нежметтин Керим облустук парламентине өткөн жумада бир жазуу жиберип, Нооруз майрамынан улам Керкүктөгү бардык коомдук мекеме жана имараттарга Ирак байрагы менен Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун байрагын илүү жолдомосун берген.



Тектеш кабарлар