АКШ – Кытай карым – катнаштарында жаңы мезгил башталды

Рекс Тиллерсон Чыгыш Азия сапарынын негизинде Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту

694995
АКШ – Кытай карым – катнаштарында жаңы мезгил башталды

 

АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон Чыгыш Азия сапарынын негизинде Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту. Тиллерсон Вашингтон башкаруусунун кагылышуу болбошуна жана бетме – бет келбегенге таянган жана эки өлкөнүн карым – катнаштарынын өнүгүшүн каалашкандарын баса белгиледи.

Рекс Тиллерсон АКШнын президенти Дональд Трамптын Кытай менен бири бирин түшүнүүнү өнүктүрүүнү каалагандыгын жана келечекте Кытайга баруу  үчүн сабырсыздангандыгын айтты. Кытайдын президенти Си да Трамп жана өзүнүн карым – катнаштарда «жакшы бир мезгилди күтүп жатышкандарын» айтты. Си Трамп менен өткөн айда өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө : «Вашингтон  - Пекин кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн биргеликте аракет  кылуу»,- тууралуу келишишкендерин билдирди. Си менен Тиллерсондун ортосундагы сүйлөшүүдөн бир канча саат мурда Түндүк Корея армиясы бир ракета моторун сынагандыгын билдирди.

Түндүк Корея ракета моторун сынагын ракета өнөр жайынын «кайрадан жаралышы» деп мүнөздөдү. Тиллерсон ишемби күнү кытайлык кесиптеши  Ванг Йи менен жолугушкан болчу. Эки лидер Түндүк Кореянын ядролук программасынын токтотулушунда бирдикте аракет кылуу боюнча келишкен.



Тектеш кабарлар