Орусия Сирияга аскердик топ жиберди

Пальмирага 150 аскерден турган топ барды

692852
Орусия Сирияга аскердик топ жиберди

Орусия Сирияга мина тазалоочу тобун жөнөттү.

Орусиянын Коргонуу министрлиги, Пальмиранын минадан тазаланышы үчүн Сирияга 150 аскерден турган топ жиберди.

Министрликтин билдирүүсүндө аймакка жеткен орус аскерлеринин алгач инфраструктуралык объектилерге жана ооруканаларга кетчү жолдордо мина тазалоо иштерин жүргүзө тургандары белгиленди.

Билдирүүдө айрыкча Пальмирага 17 атайын унаа жөнөтүлгөнү сөз кылынды.

Орусия Пальмирага мындан мурда да 200 чакты мина тазалоочу кызматкерин жана ар түрдүү техникалык унааларды жөнөткөн болчу.



Тектеш кабарлар