АКШ Сирияда уран колдонгон

АКШ Сирияда ДЕАШка таандык күйүүчү май танкерлерине карата абадан кол салууларында составында уран болгон миңдеген ок колдонулгандыгын ырастады

672790
АКШ Сирияда уран колдонгон

АКШ 2015 – жылы ноябрь айында Сирияда ДЕАШка таандык күйүүчү май танкерлерине карата абадан кол салууларында составында уран болгон миңдеген ок колдонулгандыгын ырастады.

Бул тууралуу Анадолу агенттигине маалымат берген АКШ Борбордук күчтөр командирдигинин катчыларынан Майор Джош Жак 2015 – жылы 16 – 22 -  ноябрь күндөрүнүн арасында ДЕАШ террордук уюмуна таандык танкерге жасалган кол салууда составында уран болгон 5 миң  265 ок колдонулгандыгын айтты. Майор Жак : «2015 -  жылы 16 -  ноябрда төрт даана А  - 10 учак жалпы 1490 даана 30 миллимтердик уран камтыган ок менен бирге бомба жана ракета колдонуу менен 46 душман унаасын жок кылды»,- деди.

Катчы 22 -  ноябрда болсо төрт даана А – 10 учагынын 3 миң 775 даана урандуу ок, бомба жана ракета колдонуу менен 293 ДЕАШ унаасын жок кылгандыгын маалымдады.

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалиция жетекчилери мындан мурда бул октордун Сирия жана Ирактагы операцияларда колдонулбай тургандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар