Австралияда Гитлер сыяктуу кийинген киши көзөмөлгө алынды
25 жаштагы киши фашисттик пропаганда кылды деген негиз менен көзөмөлгө алынды
Австрияда тышкы көрүнүшүн Гитлерге окшоткон 25 жаштагы киши фашисттик пропаганда кылды деген негиз менен көзөмөлгө алынды.
Австрия басма сөзүндө орун алган кабарга караганда өлкөнүн Жогорку Австрия аймагында полиция өзүн «Herald Гитлер» деп тааныткан 25 жаштагы бир кишини фашисттик пропаганда жүргүзүү кылмышы менен көзөмөлгө алды.
Риед прокурорнунун жолдомосу менен көзөмөлгө алынган кишинин фашисттик мезгилине таандык кийимдерди кийгендиги, чач жана мурутун Гитлерге окшоткондугу жана өлкөнүн Германия чек арасындагы Браунау ам Инн кыштагында Гитлер туулган үйдүн тегерегинде бир топ жолу көрүнгөндүгү билдирилди. Киши тууралуу териштирүүнүн кыштактын тургундарынын арызы боюнча баштатылгандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 354 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.