Виза чатагы башталган АКШ...

Апелляциялык сот, Трамптын калкынын көпчүлүгү мусулмандардан турган 7 өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө тыюу салуу токтомун жойгон жергиликтүү соттун чечимин туура деп тапты.

669534
Виза чатагы башталган АКШ...

Америка Кошмо Штаттарында Федералдык апелляциялык сот, президент Дональд Трамп башкаруучулугунун калкы мусулмандардан турган 7 өлкөнүн атуулдарына виза тыюу салуусу боюнча кайрылуусун четке какты.

Апелляциялык сот, Трамптын калкынын көпчүлүгү мусулмандардан турган 7 өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө тыюу салуу токтомун жойгон жергиликтүү соттун чечимин туура деп тапты.

Ушундайча сот 7 өлкөнүн атуулдарынын «визалары болсо дагы» АКШга алынбоолорун жана 90 күн бою виза берилбөөсүн камтыган токтомунун ишке ашырылбоо өкүмүн чыгарды.

Бир добуштан чыгарылган чечимде АКШ бийлигинин аты аталган өлкөнүн жарандарынын кирүүлөрүнө шашылыш тыюу салуу киргизилишинин себебине байланыштуу эч кандай далил көрсөтпөгөнү баса белгиленди.

Дональд Трамп бул чечимге Твиттер аркылуу каршы чыкты.

Трамп: «Сотто кездешебиз, улутубуздун коопсуздугу коркунучта» деп айтып, чыккан чечимди Жогорку сотко алып баруу белгисин берди.

Жогорку соттун Дональд Трамп тарабынан дайындалган төрагасы Нил Горсач, Трамптын сотко багытталган сөздөрүн «көңүл чөгөрүүчү» деп мүнөздөгөн.

Учурда Жогорку соттун 8 мүчөсү бар. Анын 4ү либерал, 4ү консервативист.

Судья Нил Горсач, азырынча Сенат тарабынан бекитилбегени үчүн добушка салууга катыша албайт. Ушул себептен Жогорку соттогу процесс 4 макул 4 каршы добушу менен такалып калышы мүмкүн.

Буга кошумча Вашингтон штатынын башкы прокурору Роберт Фергюсон, Трампка кайрылып 7 мусулман өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө тыюу салууну алып келген токтомун чакыртып алышын суранды.

Фергюсон: «Президент, өлкөнүн жалпысында баш аламандыкка себепчи болгон шашылыш түрдө жазылган бул коркунучтуу токтомду дароо чакыртып алышы зарыл. Эгерде муну четке какса аны конституциянын алдында жооптуу көрүүмдү улантамын»,-деди.

Фергюсон мамлекет башчы менен катар эч кимдин укуктан жогору турбасын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар