Бразилиядагы коопсуздук кемчилиги жаман окуяларды кошо ала келди

Виторияда полиция иш таштоосун баштаган ишемби күндөн бери 87 киши каза тапты.

670005
Бразилиядагы коопсуздук кемчилиги жаман окуяларды кошо ала келди

Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Эспириту-Санту провинциясынын борбор шаары Виторияда полиция иш таштоосун баштаган ишемби күндөн бери 87 киши каза тапты.

Коркунучтуу күндөрдөн кийин элес шаарына айланган шаарда коопсуздук кемчилигин жоюш үчүн армия бөлүктөрү процесске кирди.

Бразилия армиясынан генерал Адилсон Карлос Катибаете алдыбыздагы күндөрдө Витория жана жакын жеринде учурдагы 1900 аскер санын 3 миңге жеткире тургандарын жана аймакка кошумча тик учарлар жана зооттолгон унааларды жөнөтө тургандарын жарыялады.

Аймакка аскердик бөлүктөрдүн жетиши менен көчөлөрдөгү кылмыш, талап-тоноо жана уурулук окуяларында маанилүү өлчөмдө азаюу болсо дагы толук түрдө жоюла элек.

Ишемби күндөн бери өзгөрбөгөн жалгыз нерсе, полиция үй-бүлөлөрүнүн коопсуздук күчтөрү орун алган борборлордун алдында күтүп, алардын тышка чыгууларына уруксат бербөөсү.

Барзилиянын мыйзамдарына караганда полициянын иш таштоо укугу жок. Полициялар жана жакындары, коопсуздук күчтөрүнүн айлык акыларынын жөнгө салынышы, тамак жана түнкү кызмат акысынын төлөнүшү сыяктуу темаларда жакшыртууну күтүшүүдө.

 



Тектеш кабарлар